# 61-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоого карата укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике", "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091675..1091676>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 61-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-61

---

Кыргыз Республикасынын жарандары саламаттыкты сактоонун ажыратылгыс укугуна ээ болушат, ал:

- айлана-чөйрөнү коргоо, жарандардын эмгегинин, жашоо тиричилигинин, эс алуусунун, тарбиясынын жана окуусунун жагымдуу шарттарын түзүү, коопсуз азык-түлүктү жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана сатуу;

- бардык жарандарга жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, кызматтык, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;

- жарандарга республиканын бүткүл аймагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;

- өзүнүн өмүрүн жана саламаттыгын коргоого укук берүү;

- жарандарга үй-бүлө врачын, жалпы иш жүргүзүүчү врачты эркин тандап алуу укугун берүү;

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;

- профилактикалык медицина, гигиена, сергек жашоого жетишүү маселелери боюнча маалыматтар берүү менен камсыз кылынат.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-62)
