# 50-статья. Альтернативалык медициналык экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 50-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-50

---

Жаран ушул Мыйзамдын 46 жана 47-статьяларында каралган экспертизалардын корутундуларына карата сотко даттанган учурда судьянын токтому боюнча альтернативалык медициналык экспертиза дайындалышы мүмкүн. Жаран өлгөн же аны өзү даттануу берүүдөн ажыраткан ооруга чалдыккан учурда даттануу берүү укугуна анын жубайы, жакын туугандары же мыйзамдуу өкүлү ээ болот. Альтернативалык медициналык экспертизанын натыйжаларына карата жаран даттанган медициналык-социалдык экспертизаны же аскердик-врачтык экспертизаны өткөрүүгө катышкан эксперттерге, ошондой эле альтернативалык медициналык экспертизанын натыйжаларына кызыкчылыгы бар органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына жана жарандарга кызматтык же башка көз карандылыкта турган эксперттерге тапшырылышы мүмкүн эмес. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган даттануу берген жаран соттун алдында альтернативалык медициналык экспертизаны белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперт өткөрүшү жөнүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Альтернативалык медициналык экспертиза өткөрүүдөгү сот чыгымдары Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-51)
