# 46-статья. Медициналык-социалдык экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 46-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-46

---

Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун даражасын, майыптуулугунун себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо чараларын, анын ичинде медициналык реабилитациялоону аныктоо максаттарында жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза медициналык-санитардык экспертиза уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Медициналык-санитардык экспертиза уюмдарын түзүүнүн жана алардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Медициналык-социалдык эскспертиза уюмдарынын чечими мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка адамдардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өзүнүн арызы боюнча медициналык-социалдык экспертизаны жүргүзүүгө катышуу үчүн макул болгон кандай адис врач болбосун чакырууга укуктуу болот. Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган уюмга же сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-47)
