# 43-статья. Патологиялык-анатомиялык союуларды жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 43-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-43

---

Өлүмдүн себептери жана оорунун диагнозу жөнүндө маалыматтарды алуу менен аныктоо максаттарында врачтар тарабынан патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлөт. Өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы, болбосо тирүү кезинде өлгөн адамдын өзүнүн билдирген эрк мүдөөсү болгон учурда киши колдуу өлүмдөн шек саналбаса, патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлбөйт. Патологиялык-анатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. Өлүмдүн себеби жана оорунун диагнозу жөнүндө корутунду үй-бүлө мүчөлөрүнө, ал эми алар жок болсо - өлгөн дадамдын жакын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле талап кылышса укук коргоо органдарына берилет.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-44)
