# 34-статья. Клиникалык жана медициналык-биологиялык тажрыйбаларды жүргүзүү, диагностиканын жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091670..1091671>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 34-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-34

---

Адамга клиникалык жана медициналык-биологиялык эксперименттер анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Эксперимент кандай этапта болбосун эксперимент жүргүзүлүп жаткан адамдын талабы боюнча жана анын саламаттыгына коркунуч келтирген учурларда токтотулат. Клиникалык жана медициналык-биологиялык эксперименттерди жүргүзүүнүн, диагностиканын жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуунун тартиби саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. Клиникалык жана медициналык-биологиялык эксперименттерди жүргүзүүдө, ошондой эле колдонууга сунуш кылынган диагностиканын жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуу медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жана машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-35)
