# 3-статья. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 3-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-3

---

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоонун маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп саналат. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп:

- жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген өз саламаттыгын, башка адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоого жана коргоого болгон ажыратып алгыс укугун ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоонун маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоо;

- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ишин укуктук жөнгө салуу;

- жарандардын, калктын айрым топторунун саламаттык сактоо жаатындагы укуктары менен милдеттерин аныктоо жана алардын сакталышынын кепилдигин белгилөө;

- медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесиптик укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо, аларды социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин белгилөө саналат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-4)
