# 24-статья. Адистештирилген медициналык жардам

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 24-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-24

---

Адистешкен медициналык жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү уюмдарда жана татаал медициналык технологияларды пайдалануу менен божомолдоонун, дарылоонун атайын усулдарын талап кылган сыркоолорду дарылоочу оорукана уюмдарында көрсөтүлөт. Адистешкен медициналык жардамдарды көрсөтүү мамлекеттик кепилдик программаларында белгиленген сыркоологон адамдардын категориялары үчүн акысыз же жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат. Жогорку технологияларды пайдалануу менен медициналык жардамдар жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте медициналык жардамдардын (кымбат турган) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлөт. Медициналык жогорку технологиялар (кымбат турган) фондунун каражаттарынын эсебинен медициналык жардамдарды көрсөтүүнүн көлөмү жыл сайын бул максаттарда каралган финансылоонун көлөмүнө карап, саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-25)
