# 22-статья. Алгачкы медициналык-санитардык жардам

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 22-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-22

---

Алгачкы медициналык-санитардык жардам ар бир жаран үчүн мүмкүн болгон негизги медициналык тейлөөнүн түрү болуп саналат. Алгачкы медициналык-санитардык жардам өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн, коомдоштуктун саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, үй-бүлөлүк дарыгердин жеке ишине, болбосо саламаттык сактоо кызматынын башка түрлөрүнө кошулган жалпы иш жүргүзгөн врачтын ишине негизденет;

- медициналык тез жардам көрсөтүү;

- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоонун ар түрдүү кызматтарынын бири-бирине байланышын камсыз кылуу, адистешкен медициналык жардам көрсөткөн адистерге медициналык-социалдык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү боюнча кызматтарга пациенттерди жөнөтүү кирет.

Кыргыз Республикасынын жарандарына үй-бүлө дарыгерлери, жалпы практикадагы дарыгерлер тарабынан көрсөтүлгөн алгачкы медициналык-санитардык жардам акысыз берилет.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-23)
