# 20-статья. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2015 года № 228 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091667..1091668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 20-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-20

---

Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу мамлекеттик кепилдиктердин программасы менчигинин түрүнө карабастан, ушул программага катышкан саламаттык сактоо органдарында медициналык-санитардык жардамдарды алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Мамлекеттик кепилдиктердин программасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык-санитардык жардамдарды көрсөтүүнүн акысыз жана жеңилдик шарттарында көлөмүн, түрүн жана шартын аныктайт. Мамлекеттик кепилдиктердин программаларын аткарууну финансылоонун көлөмү тийиштүү бюджеттерди бекитүүдө базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Мамлекеттик кепилдиктердин программасына кирбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жарандар өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен төлөп беришет. (КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-21)
