# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674); 29.04.2016 [Закон КР от 29 апреля 2016 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам охраны здоровья граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/111331); 17.02.2009 [Закон КР от 17 февраля 2009 года № 53 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203110)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091672..1091673>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 2-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-2

---

Аккредитация - аккредиттөөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын стандарттарына ылайык кесиптик ишти жүзөгө ашыруудагы компетенттүүлүгүн таануунун расмий жол-жобосу. Сыркоо адам - оорусу бар экени белгиленген адам. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн уюмдаштыруучу (менчик ээси) тарабынан түзүлгөн уюмдар. Бирдиктүү төлөөчү - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар - кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы адамдардын ооруп калуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар. Клиникалык протокол - медицина кызматкерлери аткарууга тийиш болгон айкын ооруну диагноздоонун, дарылоонун жана анын алдын алуунун схемасы же пациенттин ал-ахвалы. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун комплекстүү интеграцияланган тутуму - Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, улуттук жана мамлекеттик программаларды аткаруу, медициналык билим берүү жана медициналык илимди өнүктүрүү боюнча иштин өтмөлүүлүгүнүн принциптеринде жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик, муниципалдык жана менчик саламаттык сактоо уюмдар тутуму. Консилиум - пациентке диагноз коюунун жана аны дарылоонун маселелерин коллегиалдуу кароо жана чечүү. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктын кошо төлөөсүнөн алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы. Медициналык-санитардык жардам - жарандардын саламаттыгын сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган медициналык жана башка чаралардын комплекси. Медициналык реабилитациялоо - организмдин бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган медициналык иш-чаралардын комплекси. Медициналык кызмат көрсөтүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пациент сарптаган чыгымдардын ордун толтурууну кароочу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн түрү. Медициналык этика - медициналык-санитардык, санитардык-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн процессинде медицина кызматкеринин пациент, коом, башка медициналык кызматкерлер менен өз ара мамилесиндеги этикалык ченемдердин жана принциптердин жыйындысы. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте врачтардын, фармацевттердин, орто медициналык, фармацевттик жана кенже медициналык кызматкерлердин кызматтарын ээлеген адамдар. Жарандардын саламаттыгын сактоо - ар бир адамдын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоого жана чыңдоого, ага саламаттыгын жоготкон учурда медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы мүнөздөгү чаралардын жыйындысы. Паллиативдик жардам - максаты ооруган жерди жана оорунун башка - дене-бой, психологиялык жана адеп-ахлактык белгилерин эрте табуунун, ага дыкат баа берүүнүн жана алып салуунун аркасында инкурабелдик (пациенттин өмүрүн сактап калуунун же болбосо ден соолугун толук калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгүн болтурбаган абалы) оорулуулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосунун сапатын жакшыртуу болуп саналган иш-чаралар. Пациент - тиешелүү медициналык документтерди жол-жоболоштуруу менен саламаттык сактоо уюмдары же жекече иштөөчү медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары. Санитардык-профилактикалык жардам - адамга жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирин четтетүүгө же азайтууга, жугуштуу оорулардын жана массалык жукпаган оорулардын пайда болушу менен таркашын болтурбоого багытталган уюштуруучулук, административдик, санитардык-гигиеналык, эпидемиялык ооруларга каршы жана башка чаралар. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы - калктын саламаттыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн, мындайда адамдын жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун терс таасири болбогон жана анын жашоосунун ыңгайлуу шарттары камсыз кылынган абалы. Үй-бүлөлүк врач, жалпы практиканын врачы - жарандарга алардын жынысына жана курагына, жашаган жерине карабастан алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын кеңири профилдүү даярдыктан өткөн врач. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жаатыны - мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо мекемелери, аларды пайдалануу тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү төлөөчүнүн тутуму - калкка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептер боюнча кийин бир каналдуу финансылоону жүргүзүү максатында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан саламаттык сактоонун финансы ресурстарын топтоштуруу. Саламаттык сактоо кызматы - саламаттык сактоонун белгилүү бир жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо органдары жана уюмдары. Кошо төлөө - Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылоонун көлөмүнөн ашырып алган медициналык кызматтар үчүн жарандын наркты төлөөгө катышуусу. Социалдык маанилүү оорулар - келип чыгуусу жана (же) таралуусу кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык шарттарга көз каранды болгон оорулар. Фармацевттик иш - дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнү, алып чыгууну, сактоону, маркировкалоону, бөлүштүрүүнү, пайдаланууну жана жок кылууну кошуп алганда, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү, даярдоо, дүң жана чекене сатуу, берүү боюнча өз ара байланышкан бир же бир нече иш процесстери. Эвтаназия - айыкпас ооруга чалдыккан адамдын атайын оорутпоочу каражаттардын, анын ичинде жашоону кармап туруу боюнча жасалма чараларды колдонууну токтотуу аркылуу врач менен макулдашкан ыктыярдуу өлүмү. Башка терминдердин мааниси ушул Мыйзамдын өзүнчө статьялары менен аныкталат. (КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 53, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-3)
