# 18-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын, жекече иш жүргүзгөн медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин иштерин жарнамалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 18-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-18

---

Саламаттык сактоо уюмдарынын, жекече иш жүргүзгөн медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин иштерин жарнамалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын жана саламаттыгын коргоо максаттарында жана медициналык иш жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы болбогон, ошондой эле алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо усулдары Кыргыз Республикасында катталбаган адамдардын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары (басма сөз, радио, телекөрсөтүү) аркылуу жарнамалоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-19)
