# 16-статья. Медициналык кесиптик жана формацевттик коомдук уюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091669..1091670>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 16-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-16

---

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесиптик ишине байланышкан башка маселелерди чечүү, илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү, медициналык жана фармацевттик ишти өнүктүрүү, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин укуктарын коргоо максаттарында медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүү укугуна ээ. Медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана ишин жүзөгө ашырат жана саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана фармацевттик кызматкерлеринин ыктыярдуу биригүүсүнө негизденген коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат. Мамлекеттик бийлик органдары медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдардын ишине ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшөт. Медициналык, фармацевттик жана башка коомдук уюмдар өздөрүнүн уставына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын коргоону жана бекемдөөнү камсыз кылууга, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоого катышат. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-17)
