# 15-статья. Элдик медицина менен алектенүү укугу (табышчылык)

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 15-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-15

---

Элдик медицина - бул элдик салттарда бекемделген адамдардын көптөгөн муундарынын тажрыйбасына негизденген ден соолукту чыңдоонун, алдын алуунун, диагноздоонун жана дарылоонун усулдары. Элдик медицина менен алектенүү укугуна медицина жана элдик медицина жаатында атайын даярдыктан өтүшкөн, табыптын дипломун алышкан, ошондой эле лицензиясын алган Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болушат. Элдик медицина жаатындагы табыптарды даярдоонун жана аларга лицензияларды берүүнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Массалык түрдө табыпчылык жүргүзүүгө тыюу салынат. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу табыпчылыктын усулдары жана каражаттары жөнүндө жарнамалоого тыюу салынат. Табыпчылыктын натыйжасында адамдын саламаттыгына же өмүрүнө зыян келтирүү кылмыш катары жаза тартууга кириптер кылат. Табыпка лицензия берген саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алардын алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо жагындагы анын иштери үчүн мониторинг жүргүзүшөт. Пациенттин саламаттык абалынын начарлашына же анын өлүмүнө алып келген ар бир учур саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын медициналык комиссиясы тарабынан териштирилет.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-16)
