# 13-статья. Медициналык билим берүү жана медицина илими

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091670..1091671>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 13-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-13

---

Кыргыз Республикасындагы жогорку же кесиптик орто медициналык билим берүү уюмдарын бүтүргөн жарандар, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай эле окуу жайларын бүтүргөн адамдар медициналык жана фармацевттик кызматкердин кесибине ээ болушат. Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди даярдоо ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрларды пайдалануунун жана жылдыруунун ар жылдык мониторингин жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан мамлекеттик тапшырык тартибинде жүзөгө ашырылат. Жогорку кесиптик медициналык билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери альтернативалык негизде, жашыруун добуш берүү менен илимий даражасы бар адистердин ичинен профессордук-окутуучулук курамынын жалпы чогулушунда 5 жылдык мөөнөткө шайланышат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка бекитилет. Билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын башкаруу алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик медициналык билим берүү уюмдары менен саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоонун болочок адистерин даярдоо процессиндеги өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо жаатындагы илимий ишмердик илим-изилдөө уюмдары (илим-изилдөө институттары, илимий-практикалык борборлор жана башка илимий уюмдар), жогорку медициналык (фармацевттик) билим берүү мекемелери, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин кесибин жогорулатуу уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволорго караштуу медициналык илим-изилдөө уюмдарына, жогорку медициналык (фармацевттик) билим берүү мекемелерине, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюмдарына жетекчилик кылуу, саламаттык сактоо жаатындагы илим-изилдөө иштерин координациялоо, саламаттык сактоо тутумдары үчүн жогорку кесиптеги илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-14)
