# 12-статья. Менчигинин түрү жеке болгон, жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 апреля 2009 года № 129 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203137)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091663..1091664>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 12-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-12

---

Менчигинин түрү жеке болгон, жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Менчигинин түрү жеке болгон, ошондой эле жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдардын саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттенүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Менчигинин түрү жеке болгон, саламаттык сактоо уюмдар жана жеке медициналык практикасы бар жана фармацевттик иш менен алектенген адамдар Бирдиктүү төлөөчүнүн милдетин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга катышышы мүмкүн. Жеке медициналык жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын иштерине контролду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. (КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-13)
