# 11-статья. Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык Сактоо уюмдарын башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 11-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-11

---

Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ. Менчигинин түрү мамлекеттик жана муниципалдык болгон саламаттык сактоо уюмуна жогорку кесиптик билими (медициналык экономикалык, мамлекеттик башкаруу) бар, саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте "саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча аттестациядан жана каттоодон өткөн жетекчилер башчылык кылат. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу жана координациялык комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын ишин координациялоо төрага - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын башчысы же анын орун басары башчылык кылган саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссия аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтардын ишин башкаруу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтар түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар жана саламаттык сактоо кызматтары эриш-аркак иш жүргүзүшөт.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-12)
