Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 „Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 3-марты № 129 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 33-пункттун "а" пунктчасындагы "1 жана 2-формалар боюнча" деген сөздөр "1, 2, 4-формалар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 9-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-форма менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
"4-форма 20___-ж. _____________________ электрондук лотерея өткөрүү жөнүндө ОТЧЕТ Тираждын номери жана датасы __________________ Лотереяны уюштуруучу __________________________________________________________________________ (аталышы, юридикалык дареги, телефон номери) Лотереянын аталышы ___________________________________________________________________________ Лотерея ишин жүзөгө ашырууга лицензия берилген номер жана дата ______________________________________________________________________________________________ Электрондук лотереялык программаны даярдоочу ______________________________________________________________________________________________ (аталышы, юридикалык дареги, телефон номери)
№
Көрсөткүчтөр
1
Сатылган лотереялык билеттердин саны (даана)
2
Сатылбаган лотереялык билеттердин саны (даана)
3
Лотереялык билеттин баасы (сом)
4
Лотерея өткөрүүдөн түшкөн акча (сом)
5
Отчеттук мезгилдин башына карата түзүлгөн сыйлык фонду (сом)
6
Лотереянын сыйлык фонду (%)
7
Иш жүзүндө төлөнгөн сыйлык фонду (сом)
8
Сыйлык фондунун талап кылынбаган бөлүгү (сом)
9
Лотереянын кирешеси (сом)
10
Лотереяны өткөрүүгө сарпталган чыгымдар (сом)
Лотереяны уюштуруучунун жетекчиси
_________________________________________ колу _________________ (кызмат орду, аты-жөнү)
М.О.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө…Постановление · 04.09.2018 · № 417
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Лотереялар жөнүндөЗакон · 10.05.2017 · № 78