# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 "Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 "Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160194/edition/1253229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 "Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160194

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-апрели № 225 Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибин бекитүү тууралуу

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 15-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун преамбуласындагы "Аудитордук иш жөнүндө"," деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:

- 34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 12-майындагы № 38 (3487) жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
