# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 226 "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 226 "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22200/edition/1252805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 226 "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (25.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160192

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-апрели № 226 Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 12-майындагы № 38 (3487) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
