# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 712
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22195/edition/1252443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому (23.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160181

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 23-декабры № 712 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объектилерди тартипке келтирүү жана категорияларга бөлүү максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинин "Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер" графасында:

- "А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүндө:

7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Төрт-Күл"; төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: "8. Ак-Суу (Исфара) дарыясында жайгашкан башкы суу топтоочу курулма (БСАК) ага жакын жайгашкан узундугу 19,7 км болгон суу агып келүүчү каналы менен";

- "Б" категориясы (маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн 17-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
