# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 250
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22188/edition/1253765/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (15.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160168

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-майы № 250

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин үчүнчү абзацын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-августундагы № 511 "Граждандык абал актыларын жазуучу органдар тарабынан берилүүчү гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн жана юридикалык жактарды алардын Филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн каттоодо (кайра каттоодо) берилүүчү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы № 442 "Катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышын алдын ала текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 781 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
