Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 16-майы № 260 Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө Тиешелүү курактагы балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтарына камтууну көбөйтүү жана аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптар 1-тиркемеге ылайык;
- жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптар 2-тиркемеге ылайык.
2. Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптар жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптар 2025-жылдын 1-июнуна чейин колдонулат деп белгиленсин.
3. Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда 2025-жылдын 1-июнуна чейин этап-этабы менен киргизүү камсыз кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары менен биргеликте калктын арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин уюштурсун жана жүргүзсүн, ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда туруктуу консультациялык-методикалык жардамды камсыз кылсын.
5. 2025-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды киргизүүнү ишке ашыруунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча коомдук саламаттык сактоо жана өрт коопсуздугун камсыздоо жаатында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бир айлык мөөнөттө өзүнүн ведомстволук ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу…Требования · 16.05.2023 · № 260
- Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча мминималдуу санитардык…Требования · 16.05.2023 · № 260
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон