# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22175/edition/1269307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160143

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 18-апрели № 208

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Функциялардын бири бирин кайталашын болтурбоо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:

- 6-пунктта:

2-пунктчанын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 3-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнү жана аткарууну координациялайт;"; 4-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

8

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

457

146

анын ичинде:

борбордук аппарат

71

15

ведомстволук бөлүмдөр:

анын ичинде:

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти

99

36

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору

64

6

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору

38

7

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

185

82

анын ичинде:

борбордук аппарат

63

13

аймактык бөлүмдөр

122

69

".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо:

- 12-пунктта:

2-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген, менчигинин түрүнө карабастан медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө иштин акыркы жыйынтыгы боюнча акы төлөө.".

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
