# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 244
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22170/edition/1253529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (04.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160137

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 4-майы № 244 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жободо:

- 7-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- карьердин тереңдиги бетинин табигый рельефинен эки метрден ашпаган шартта кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу учурунда 1 гектардан ашпоого тийиш, ал эми дарыялардын нугунда же дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн жээгинде 0,1 гектардан ашпоого тийиш;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
