# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 "Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 "Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22169/edition/1250735/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 "Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (02.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160135

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 2-майы № 238 Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Мамлекеттик сырларды коргоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
