# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22154/edition/1249227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 20-апрели № 215

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегинде:

"Чакан гидроэлектр станциясы (ЧГЭС)" бөлүмүндө:

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"

8410 13 000 0

Кубаттуулугу 10000 кВтдан ашык, бирок 30000 кВтдан ашпаган гидравликалык турбиналар жана суу дөңгөлөктөрү

";

- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"

8502 39 200 0

Кубаттуулугу 30000 кВтдан ашпаган турбогенераторлор

";

2) 2-пункттагы "энергетика, алардын максаттуу багыты чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан" деген сөздөр "энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын максаттуу багыты" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын максаттуу багытынын ырасталышын.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
