Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу „Кыргызфармация“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 30-марты № 176 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкын жана мамлекеттик дарылоо мекемелерин жеткиликтүү баадагы дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоого жаңыча ыкманы ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын кампа жайы менен, анын ичинде баланс кармоочулардын, мамлекеттик мүлктүн объекттеринин эсебинен, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн;
2) тийиштүү лицензияларды берсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 500000000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда 500000000 (беш жүз миллион) сом суммасында бөлүнүүчү бюджеттик кредитти карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 2023-жылга 30000000 (отуз миллион) сом чегинде эмгек акы төлөө фонду белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Устав · 30.03.2023 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майы № 328 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.05.2026 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупцияны алдын…Постановление · 03.02.2026 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз…Постановление · 02.04.2026 · № 218
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 249
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.01.2023 · № 3