Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-марты № 170 Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы:";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесинде:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
9
114
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын шыр байланышы
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн символика белгилерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 2-пунктчасындагы "министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун" деген сөздөр "министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-апрелиндеги № 28 (3477) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме "2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символика белгисинин сүрөттөлүшү
ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КЫЗМАТЫ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символикасы ак жана көк түстөгү эки квадратка бөлүнгөн тик бурчтуктан турат. Квадраттарда таразанын табактарынын сүрөтү симметриялуу түшүрүлгөн, бири көк фондогу квадратта ак түстө, экинчиси ак фондогу квадратта көк түстө берилген. Таразанын туткасы кыргыз улуттук орнаменттеги стилге салынып, симметриялуу формада аткарылган. Таразанын табактары адилеттүүлүктү жана сот адилеттүүлүгүн билдирет. Таразанын туткасына бириктирилген 2 улуттук оймо жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыздоонун семантикалык символу болуп саналат. Символикада эки түс колдонулган - ак жана көк. Ак түс тынчтыкты, аруулукту, ак ниеттүүлүктү жана чындыкты билдирет, ал эми көк - акылмандыкты, адилеттүүлүктү жана адам укуктарынын жогорку баалуулугун билдирет. Тик бурчтуктун деңгээлинде оң тарабында "ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ" деген сөздөр, ал эми "ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ" деген сөздөрдүн деңгээлинде ылдый жагында андан кичирээк шрифт менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КЫЗМАТЫ" деген сөздөр жайгаштырылган.
Сүрөт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символикасынын вертикалдуу версиясы да бар, ал борбордогу тик бурчтуктун алдында "МАМЛЕКЕТ КЕПИЛДЕГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ" деген сөздөр жайгашкандыгы менен айырмаланат.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын…Постановление · 06.10.2011 · № 618
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн символика белгилерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.06.2020 · № 312
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 10.08.2022 · № 91
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн символика белгилерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.06.2020 · № 312
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген)Положение · 06.10.2011 · № 618