# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22148/edition/1244727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун маселелери жөнүндө" Токтому (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160105

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-марты № 168 Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-методикалык борбору" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору" мекемеси (мындан ары - Окуу борбору) болуп кайра аталсын.

2. Окуу борборунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
