# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22146/edition/1283633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160103

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-апрели № 197 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу Тизменин алтымыш тогузунчу-сексенинчи абзацтарынан тышкары, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы сексенинчи абзац менен толукталсын: "Йемен Республикасы(\*\*)".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
