# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22145/edition/1249241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160102

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-апрели № 198 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарын Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:

- 332-пункт "техникалык каражаттарга жана" деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларынан аттестациядан өткөн" деген сөздөр менен толукталсын;

- 333-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"333. Лифттерди, ошондой эле диспетчердик контролдоо системаларын техникалык диагностоо жана текшерүү боюнча иш Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.";

- 335-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Толук техникалык күбөлөндүрүү Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.";

- 387-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"387. Лифттерди диспетчердик контролдоо менен жабдуу зарылдыгы эксплуатациялоочу уюм тарабынан аныкталат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
