Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык)
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин планы
№
Милдеттер
Чаралар
Индикатор/күтүлүүчү натыйжа
Жооптуулар
Мөөнөттөрү
Каржылоо булактары
I. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын уюштуруу-укуктук жана финансы-материалдык абалын чечүү боюнча чаралар
1
Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарын түзүү боюнча уюштуруу укуктук маселелерин чечүү
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кайра уюштуруу (бириктирүү)
Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактары түзүлдү жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары бекитилди
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МКЖӨБМА
2023-жылдын 1-июну
Каржылоо талап кылынбайт
2
ЖӨБОну кайра уюштуруунун натыйжасында бошогон муниципалдык кызматчыларды ишке орноштуруу үчүн шарттарды түзүү
ЖӨБОну кайра уюштуруунун натыйжасында бошогон муниципалдык кызматчыларды ишке орноштуруу маселесин чечүү, зарыл болгон учурда кайра даярдоо
Бошотулуучу муниципалдык кызматчылар ишке орноштурулду же кайра даярдоодон өттү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МКЖӨБМА, ЭСКММ
2023-жылдын 1-июну
Республикалык бюджет
3
Түп районунун ЖӨБОсунун потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу
Түп, Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарынын аткаруу органдарынын убактылуу жобосун, түзүмүн, штаттык санын иштеп чыгуу
Түп, Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарынын аткаруу органдарынын убактылуу түзүмү жана штаттык саны бекитилди
МКЖӨБМА, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-июну
Республикалык бюджет
Түп, Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин иши жөнүндө убактылуу жобону иштеп чыгуу
Түп, Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин иши жөнүндө убактылуу жобо бекитилди
Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жана Түп айыл аймагынын аткаруучу органдарына калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын тиешелүү материалдык жана финансылык каражаттары менен берүү маселесин карап чыгуу
Тиешелүү келишимдерди түзүү боюнча чечимдер кабыл алынды
СӨМ, МКЖӨБМА, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-сентябры
Республикалык бюджет
Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жана Түп айыл аймагынын аткаруучу органдарына төмөнкү ыйгарым укуктарды тиешелүү материалдык жана финансылык каражаттары менен өткөрүп берүү:
Тиешелүү келишимдерди түзүү боюнча чечим кабыл алынды
Республикалык бюджет
1) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча;
АЧМ, МКЖӨБМА, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-июну
2) ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, тейлөө жана сугат жерлери бар жана аларды пайдаланган адамдарга келишимдик шарттарда сууну бөлүштүрүү боюнча;
АЧМ, МКЖӨБМА, МФ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-июну
3) "Санарип аймак" АМСте "Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" модулун толтуруу боюнча
ЭСКММ, СӨМ, ЖМА, айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-июну
4
Түп районунун ЖМА потенциалын жогорулатуу
Түп районунун ЖМАсы жөнүндө жаңы убактылуу жобону, түзүмүн, штаттык санын иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды
ЭКМ, ФМ, ЖМА
2023-жылдын 1-июну
Республикалык бюджет
Түп районунун ЖМА акиминин резервдик фондун пилоттук долбоорду ишке ашыруу учурунда 5 млн сомго чейин жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды
ФМ, ЖМА
2023-жылдын 1-майы
Республикалык бюджет
5
Түп районунун ЖМА инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелеринде ыкчамдуулукту жогорулатуу
Инфраструктураны өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү финансы каражаттарын Түп районунун ЖМА Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы алыш-бериш эсебине түздөн-түз которууну кароо
Райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана реабилитациялоого каралган каражаттар республикалык бюджеттен Түп районунун ЖМА Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы алыш-бериш эсебине түздөн-түз түшөт
ФМ
2023-жылдын 1-июну
Каржылоо талап кылынбайт
6
Түп районунун ЖМА жана ЖӨБО кызматкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Түп районунун ЖМА жана бириккен айыл аймактарынын аткаруучу органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу (оңдоо иштери, техникалык жабдуу ж.б.)
Түп районунун ЖМА жана бириккен айыл аймактарынын аткаруучу органдарынын материалдык-техникалык базасы жакшыртылды
ЖМА, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет
7
Администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында ЖМА жана ЖӨБО кызматкерлерине дем берүү жана мотивациясын жогорулатуу
Пилоттук долбоордун алкагында ЖМА жана ЖӨБО кызматкерлеринин эмгек акысына квартал сайын дем берүүчү үстөк бөлүүнү кароо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды
ФМ
2023-жылдын 1-майы
Республикалык бюджет
8
Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн ЖӨБОну финансылык ресурстары менен камсыз кылуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды чечүү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн ЖӨБОнун 2023-2024- жылдарга жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгүн эки эседен кем эмес көбөйтүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды
ФМ
2023-жылдын 1-июну
Республикалык бюджет
Түп районун өнүктүрүү фондунун жылдык бюджетин 2023-2024-жылдары 100 млн сомго жеткирүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды
ФМ
2023-жылдын 1-майы
Республикалык бюджет
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан Түп районунун долбоорлорун каржылоонун жылдык квотасын 2023-2024-жылдары 190 млн. сомго жеткирүү
Жылдык каржылоо квотасы көбөйтүлдү
КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, Түп районунун ЖМА
2023-жылдын 1-майы
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражатынын алкагында
9
Түп районунун РЭСин, "КУЭТ" ААКнын түзүмдүк бөлүмүн тиешелүү тажрыйбасы бар жеке уюмдарга ижарага берүү
Түп районунун РЭСин тейлөө жана пайдалануу боюнча жеке уюм менен ижара келишимин түзүү
Тиешелүү ижара келишими түзүлдү
ЭМ, КУЭХ, КУЭТ
2023-жылдын 30-июну
Каржылоо талап кылынбайт
10
Бириккен айыл аймактарынын административдик чек араларын аныктоо
Түп районунун Түп, Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарынын административдик чектерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү
Түп районунун Түп, Балбай, Каркыра, Карасаев, Ысык-Көл айыл аймактарынын административдик чек араларынын жерге жайгаштыруу иштери даярдалат
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет
II. Түп районун экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
11
Түп районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү аймактык пландоо
ЖӨБОнун кызматкерлерин региондорду социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, бюджетти түзүү жана чыгымдоо боюнча окутуу ж.б.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеминде 80% кызматкерлери окуудан өттү
ЭКМ, МКЖӨБМА, ЖМА
2023-жылдын 30-ноябры
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2025-2029-жылдарга айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу
Айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары иштелип чыкты
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА
2024-жылдын 1-августу
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Түп районунун 33 айылынын башкы пландарын иштеп чыгуу
Түп районунун 33 айылынын башкы пландары иштелип чыкты
АКТЖКЧМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-ноябры
Республикалык бюджет
Жерлердин категориялары жана түрлөрү боюнча жерлерди инвентаризациялоо. Жердин санын аныктоо жана карталарды даярдоо
Жерлердин категориялары жана түрлөрү боюнча жерлерди инвентаризациялоо картасы даярдалды
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-ноябры
Республикалык бюджет
Зарыл коммуналдык-инженердик инфраструктурасы бар жер участогун аныктоо менен өнөр жай зонасын уюштуруунун максатка ылайыктуулук маселесин иштеп чыгуу
Инвестицияларды тартуу үчүн өнөр жай зонасын түзүү боюнча сунуштар даярдалды
ЖМА, ИУА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-ноябры
Каржылоону талап кылбайт
Түп районунун жер ресурстарына талдоо жүргүзүү жана өндүрүштүн заманбап технологияларын колдонуу менен өсүмдүк жана мал чарба долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо
Жер ресурстарына талдоо жүргүзүлдү жана өндүрүштүн заманбап технологияларын колдонуу менен өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштар даярдалды
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-ноябры
Каржылоону талап кылбайт
Түп районунун геомаалыматтык маалыматтарын даярдоо (НИПД)
Түп районунун НИПД даярдалды
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-ноябры
Республикалык бюджет
Пристань-Маслозавод калктуу конушун Түп айыл аймагынын курамына киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилди
МКЖӨБМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-декабры
Каржылоону талап кылбайт
12
Түп районунун калктуу конуштарында мобилдик байланыштын жана интернеттин сапатын жогорулатуу
Түп районунун калктуу конуштарын 2023-жылы 2G/4G стандартындагы уюлдук радиотелефондук байланыш кызматы менен камтуу графигине киргизүү
Түп районунун калктуу конуштарында байланыш кызматы менен камтууга талдоо жүргүзүлдү
СӨМ, байланыш операторлору (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 30-августу
Каржылоону талап кылбайт
Түп районунун калктуу конуштарына байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун аткаруусуна мониторинг жүргүзүү
Байланыш кызматтары менен камтылган калктуу конуштардын саны көбөйдү
2023-жылдын 30-ноябры
Түп айыл аймагынын Түп айылынын жана Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылынын калкын жана социалдык объекттерин ОВК-24 жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо
Түп жана Талды-Суу айылдарынын калкы жана социалдык объекттери жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалды
СӨМ, "Кыргызтелеком" ААК, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-сентябры
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
13
Көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлдү
СӨМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 30-ноябры
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Пилоттук режимде Түп районунун КТБ базасында "бирдиктүү терезе" принциби боюнча айрым мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы моделин иштеп чыгуу
Түп районунун КТБ базасында пилоттук режимде "бирдиктүү терезе" принциби боюнча айрым мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү киргизилди
СӨМ, министрликтер жана ведомстволор
2024-жылдын 1-сентябры
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Түп айылында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген тизмесин көрсөтүүчү КТБнын курулушун камсыздоо жана жер участогун бөлүп берүү
3 кабаттуу КТБ имараты пайдаланууга берилди
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, СӨМ, АКТЖКЧМА
2024-жылдын 1-февралы
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Калк менен тыгыз байланышта болуу, жүргүзүлүп жаткан иштерди жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу үчүн Түп районунун ЖМЛ расмий сайтын ачуу
ЖМАнын расмий сайты иштей баштады
ЖМА
2023-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет
14
Миграцияда жүргөн калктын так эсебин жүргүзүү
КМШ өлкөлөрүнө жана чет өлкөлөргө кетип жаткан жарандар үчүн миграциялык карточканы (паспортту) киргизүү
Калктын миграциясынын көрсөткүчтөрүн так эсепке алуу киргизилди
ЭСКММ
2024-жылдын 1-апрели
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
15
Түп районунда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Түп районунун фермерлеринин 2023-2024-жылдарга болгон реалдуу финансылык муктаждыктарына жараша "Айыл чарбасын каржылоо" программасынын алкагында айыл чарбасына жеңилдетилген кредит берүүгө кошумча каражат бөлүү
Түп районунун фермерлери үчүн "Айыл чарбасын каржылоо" программасынын алкагында кошумча каражаттар бөлүндү
АЧМ, ФМ
2023-2024-жылдары
Республикалык бюджет
Айыл чарба жерлери үчүн топуракты анализдөө лабораториясын куруу, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында
Түп районунун фермерлери үчүн шарттар түзүлдү
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-апрели
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, жеке инвестициялар
Түп районунун ветеринардык кызматынын жаңы имаратын куруу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо
Түп районунун ветеринардык кызматы түзүлдү жана жагымдуу шарттары менен камсыздалды
АЧМ.ЖМА
2023-2024-жылдары
Республикалык бюджет
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин Түп башкармалыгынын имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө анализ жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо
Имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалды
АЧМ, ЖМА
2024-жылдын 1-апрели
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү 10 чарбаны ачуу
Түп районунда сүт багытындагы 10 ферма ачылды жана ар бир айыл аймагында тоют базалары уюштурулду
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору
5 үрөн чарбасын ачуу, үрөн чарбасынын статусун алууга көмөк көрсөтүү (сорт сыноочу станцияларды ачуу, жерлерди бөлүү)
Түп районунда 5 үрөн чарбасы ачылды жана ар бир айыл аймагында сорт сыноочу станциялар уюштурулду
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору
Түп районунда машина-трактор станциясын (МТС) ачууну, анын ичинде жаңыдан түзүлгөн айыл аймактары үчүн айыл чарба техникаларын сатып алууну уюштуруу
МТС уюштурулуп, жаңыдан түзүлгөн айыл аймактары үчүн айыл чарба техникалары сатып алынды
АЧМ, ЖМА, "Айыл банк" ААК (макулдашуу боюнча, Түп районун өнүктүрүү фонду
2024-жылдын 1-декабры
Финансы-кредиттик мекемелердин каражаттары, жергиликтүү бюджеттер
Ысык-Көл айыл аймагында 100 га жерге малина, карагат жана мөмөлөрдүн башка түрлөрүн отургузуу
Жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болду
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА
2024-жылдын 1-декабры
Жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонддору, жеке инвестициялар
Ак-Суу району менен алыскы жайыттар боюнча талаш маселелерди чечүү
Алыскы жайыттар боюнча талаш маселелер чечилди
КРП облустагы ЫУӨ, Түп жана Ак-Суу райондорунун ЖМА, АЧМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-июлу
Каржылоону талап кылбайт
Корея Республикасы менен кызматташуу жөнүндө меморандумду кайрадан жандандыруу. Ен-Чон шаарынын администрациясы менен жолугушууларды уюштуруу
Ен-Чон шаарынын администрациясы менен кызматташтык калыбына келтирилди
ЖМА, ТИМ
2023-жылдын 1-октябры
Каржылоону талап кылбайт
16
Туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Ысык-Көл облусунда туристтик көмөкчү (сателлит) эсептерди пилоттук негизде иштеп чыгуу жана колдонуу
Туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча программа, анын ичинде Ысык-Көл облусу үчүн туристтик сателлит эсептерди (ТСЭ) пилоттук негизде колдонуу иштелип чыкты
ММСЖСМ караштуу Туризм департаменти, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, ЖМА
2023-жылдын 30-ноябры
Дүйнөлүк банк, 280,3 млн. сом - 2023-жылга туризм боюнча компонентке 2024-жылга каражаттар 2023-жыл аяктагандан кийин аныкталат. "Борбордук Азияда региондук жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (ПУРПС БА-3)" долбоору, 3-компонент: "Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү"
Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жана Мастер-планды иштеп чыгуу, ошондой эле Түп жана Ак-Суу райондорун өнүктүрүүнүн эки жергиликтүү планын иштеп чыгуу (геопарктарды өнүктүрүү концепциясы)
Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты (Ысык-Көл облусунун эки районунда - Түп жана Ак-Суу райондорунда геопарктарды өнүктүрүү)
ММСЖСМ караштуу Туризм департаменти, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, ТКМ, ЖМА
2023-жылдын 30-августу
Ысык-Көлдүн айланасында 5 туристтик сервистик борборлорду (ТСБ) куруу
Түп айыл өкмөтүндө ТСБ курулган (беш ТСБ бири)
ММСЖСМ караштуу Туризм департаменти
2023-2024-жылдар
Түп районунда дестинацияны уюштуруу
"Түп районун дестинациялоо" коммерциялык эмес уюм түзүлдү
ММСЖСМ караштуу Туризм департаменти, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, Түп районунун ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-сентябры
Жаңы түзүлгөн айыл аймактарына ылайык райондун туристтик карталарын иштеп чыгуу - Апостол Матфей, Чигу, Темирландын таштары (Үйүлгөн-таш)
Туристтик карталар иштелип чыкты
ММСЖСМ караштуу Туризм департаменти, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, ТКМ, ЖМА
2023-жылдын 20-декабры
Кыргыз-казак чек арасында контролдоо-өткөрүү пунктун (КӨП) куруу
Калктын коопсуздугун жана бакубаттыгын жакшыртуу
УКМКЧК, АКТЖКЧМА, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2024-жылдын 1-ноябры
Республикалык бюджет
Түп районунун тарыхый-маданий инфраструктурасын жакшыртуу
Тарыхый-маданий инфраструктура реабилитацияланды
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, ММСЖСМ
2024-жылдын 1-декабры
Өнүктүрүү фонддору
Түп районунун айыл аймактарынын биринде ачык асман алдында тарых жана маданият эстеликтеринин музейин ачуу ("Сан-Таш" мамлекеттик тарыхый- маданий корук музейи)
Ачык асман алдындагы музейдин ачылышы болду
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, ММСЖСМ, караштуу Туризм департаменти
2024-жылдын 1-марты
Жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
III. Инвестициялык бизнес долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу
17
Кластердик потенциалды жана райондун адистешүүсүн эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу
Балбай айыл аймагында төмөнкү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү:
- Күрмөнтү айылындагы цемент заводу;
- акиташты кайра иштетүүчү завод;
- Кудургу айылындагы балык чарбасы;
- Ой-Тал айылындагы шире чыгаруучу ишкана;
- Балбай айылында айыл чарба продукциясын (картошка, кара өрүк, абрикос) кайра иштетүү боюнча цех;
- Бет Карагай жайлоосунда Балбай айыл аймагынын Күрмөнтү айылындагы ат-туристтик лагерь;
- сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү ферма (100 баш)
Долбоорлордун инвестициялык паспорттору даярдалды, зарыл коммуникациялык инфраструктурасы бар тиешелүү жер участоктору бөлүнүп берилди (трансформациялоо), инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИУА, АЧМ, "Кыргыз индустрия" ААК, Түп районун өнүктүрүү фонду, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" КФ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, жеке инвестициялар, өнүктүрүү институттары (фонддор)
Түп айыл аймагында төмөнкү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү:
- модулдук эко-үйлөрдү жана курулмаларды чыгаруу боюнча завод;
- Түп айылында жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор;
- Түп айылында мал союу цехи;
- Түп айылында нан азыктарын жасоо боюнча цех;
- Шаты жана Бирлик айылдарында күнөсканалар;
- тиричилик калдыктарын уюштуруу максатында кагаз стакандарын, конверттерди жана пакеттерди кайра иштетүүчү завод;
- Бирлик жана Түп поселокторунда Түп дарыясынын жээгине чакан ГЭС;
- Шаты айылында ат туризмин өнүктүрүү жана ички жана чет өлкөлүк туристтерди тартуу үчүн туристтик фирмалар менен өз ара аракеттенүү;
- сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү ферма (100 баш)
Долбоорлордун инвестициялык паспорттору даярдалды, зарыл коммуникациялык инфраструктурасы бар тиешелүү жер участоктору бөлүнүп берилди (трансформациялоо), инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИУА, АЧМ, "Кыргыз индустрия" ААК, Түп районун өнүктүрүү фонду, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" КФ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, жеке инвестициялар, өнүктүрүү институттары (фонддор)
Каркыра айыл аймагында төмөнкү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү:
- "Каркыра эко шаары" тоо лыжа базасы;
- канаттуулар фабрикасы;
- тери жана булгаары иштетүүчү завод;
- булгаары тигүү бут кийим фабрикасы;
- Жылуу-Булак айылындагы тигүү цехи;
- Талды-Суу айылындагы кондитердик цех;
- Чоң-Таш айылындагы күнөскана;
- союу цехи;
- Чоң-Таш айылындагы "Беккер" чуңкуру;
- Санташ айылындагы "Үйүлгөн-Таш" этно-комплекси;
- сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү ферма (100 баш)
Долбоорлордун инвестициялык паспорттору даярдалды, зарыл коммуникациялык инфраструктурасы бар тиешелүү жер участоктору бөлүнүп берилди (трансформациялоо), инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИУА, АЧМ, "Кыргыз индустрия" ААК, Түп районун өнүктүрүү фонду, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" КФ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, жеке инвестициялар, өнүктүрүү институттары (фонддор)
Карасаев айыл аймагында төмөнкү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү:
- Арал айылында тигүү цехи;
- Арал айылында кирпич заводу;
- асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүү менен эт өндүрүү боюнча ферма;
- сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү ферма куруу (100 баш);
- жаңы технологияларды киргизүү менен дары чөптөрдү себүү
Долбоорлордун инвестициялык паспорттору даярдалды, зарыл коммуникациялык инфраструктурасы бар тиешелүү жер участоктору бөлүнүп берилди (трансформациялоо), инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИУА, АЧМ, "Кыргыз индустрия" ААК, Түп районун өнүктүрүү фонду, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" КФ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, жеке инвестициялар, өнүктүрүү институттары (фонддор)
Ысык-Көл айыл аймагында төмөнкү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү:
- жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор;
- Тогуз-Булак айылындагы жана Ысык-Көл айылындагы балык чарбасы;
- Михайловка айылындагы кант заводу;
- Михайловка айылындагы тиричилик калдыктарын чогултуу, сорттоо, утилдештирүү боюнча полигон;
- күнөскана;
- сүт багытындагы жогорку өндүрүмдүү ферма (100 баш);
- дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору (баткак менен дарылоо ж.б. түрлөрү)
Долбоорлордун инвестициялык паспорттору даярдалды, керектүү коммуникациялык инфраструктурасы менен тиешелүү жер участокторун бөлүп берүү (трансформациялоо), инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИУА, АЧМ, "Кыргыз индустрия" ААК, Түп районун өнүктүрүү фонду, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" КФ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, жеке инвестициялар, өнүктүрүү институттары (фонддор)
IV. Социалдык инфраструктуранын долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу
18
Түп районунун социалдык объекттерин жылытуу маселелерин чечүү
Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту тарабынан энергетикалык изилдөөнүн жүрүшүндө алынган электр энергиясын керектөөнүн лимиттеринин ишенимдүү чоңдуктарынын негизинде Түп районунун социалдык объекттеринин электр энергиясын керектөөнүн лимитин көбөйтүү
Кыш мезгилинде социалдык объекттерди жылытуу маселеси чечилди
ЭМ, КУЭТ, ЖМА, ЭМ караштуу ЭЭИИИ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 30-июну
Республикалык бюджет
ЖМА, райондук маданият үйүнүн, китепкананын имараттарын көмүр менен жылытууга өткөрүү
Жылытуу системалары көмүр менен жылытууга өткөрүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет
19
Түп районунда социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Түп районунда социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн ипотекалык насыялоо же кийин сатып алуу менен ижарага алуу принцибинде көп кабаттуу үй куруу
Көп кабаттуу үй куруу үчүн участок аныкталды
МИК, АКТЖКЧМА, ССМ, БИМ, ММСЖСМ, ЭСКММ
2024-жылдын 1-декабры
МИК каражаттары
20
Түп районунун административдик борборунун инфраструктурасын жакшыртуу
Түп калктуу конушунун чегиндеги жергиликтүү маанидеги магистралдык көчөлөрдүн тротуарларын оңдоо, асфальттоо жана төшөө
Айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн шарттар түзүлдү, ички жолдордун сапаты жакшыртылды
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, районду өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджет
Түп айылында заманбап гүл бакчаларын уюштуруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
Түп айылында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Районду өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджет
Ирригация
21
Ирригация системасын өнүктүрүү жана реабилитациялоо
Ысык-Көл айыл аймагында айыл чарба жерлерин фрегаттык сугаруу системасын киргизүү
12 миң га айыл чарба жерин сугат суу менен камсыздоо
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн, финансылык-кредиттик мекемелердин каражаттары
Күрмөнтү жана Балбай айылдарында 8 кудукту тазалоо жана пайдаланууга берүү
8 кудук тазаланып, пайдаланууга берилди
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АЧМ, ЖМА
2024-жылдын 1-декабры
Жергиликтүү бюджет, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, Түп районун өнүктүрүү фонду
Күрмөнтү айылында жалпы узундугу 3,7 км болгон "Кара-Булуң" каналын пайдаланууга берүү жана долбоордук-сметалык документти иштеп чыгуу
Күрмөнтү айылындагы жалпы узундугу 3,7 км болгон "Кара-Булуң" каналы пайдаланууга берилди
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АЧМ, ЖМА
2024-жылдын 1-марты
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, Түп районун өнүктүрүү фонду
Каналдарды куруу жана сугат системасын жакшыртуу. Шаты поселогундагы суу сактагычты оңдоону жана тегиздөөнү камсыз кылуу жана аны пайдаланууга берүү
Каналдардын суу өткөрүмдүүлүгү жогорулайт, суунун чыгышы азаят. Суу жетпеген айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу мүмкүндүгү пайда болот. Айыл чарба жерлери суу эрозиясынын коркунучунан корголот
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет
Ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, жаңыдан түзүлгөн айыл аймактарындагы (Балбай, Түп, Каркыра, Карасаев жана Ысык-Көл) 340 км ички каналды капиталдык оңдоо
340 км ички каналды капиталдык оңдоо жүргүзүлдү
ЖӨБО (макулдашуу боюнча) АЧМ, ЖМА
2023-2024-жылдар
Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору
Ысык-Көл (Михайловка, Тогуз-Булак, Ысык-Көл) айыл аймагынын суткалык бөлүштүрүү бассейнин (СББ) калыбына келтирүү
Жаңы сугат жерлери өздөштүрүлдү
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонддору
Жаңыдан түзүлгөн айыл аймактарынын дренаждык тармактарын тазалоо
Дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонддору
Түп районун сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Түп дарыясында узак мөөнөттүү бөлүштүрүү бассейнин (УББ) куруу
Түп районунун фермерлери сугат суу менен камсыздалды
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонддору
"Каркыра" каналын реконструкциялоону аяктоо
Каналды реконструкциялоо иштери аяктады
АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонддору
Калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо
22
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу
Төмөнкү айылдарда ичүүчү жана өрткө каршы суу менен камсыздоо системасын курууну жана реабилитациялоону камсыз кылуу:
- Балбай айыл аймагынын Ой-Тал, Кичи-Өрүктү, Кутургу, Ак-Булак, Күрмөнтү жана Ак-Булуң;
- Түп айыл аймагынын Түп;
- Каркыра айыл аймагынын Жылуу-Булак жана Сары-Тологой;
- Карасаев айыл аймагынын Арал, Миң-Булак;
- Ысык-Көл айыл аймагынын Сары-Булуң, Михайловка, Ынтымак, Ысык-Көл жана Тогуз-Булак
Калк таза ичүүчү суу менен камсыздалды
АКТЖКЧМА, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, жеке инвестициялар, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүгүү институттары (фонддор)
Жол тармагын өнүктүрүү
23
Транспорттук изоляция көйгөйүн чечүү
"Борбордук Азияда региондук каттам жолдорун жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (ПУРПС ЦА-3)" долбоору, "Түп-Кеген жолун реконструкциялоо (39-76 км участогу жана Каркыра - Турук - Сары-Жаз
2023-жылга: эки катмарлуу асфальтбетон төшөөнү баштоо - 10 км (20%) 2024-жылга: эки участокто эки жолу)" 1-компоненти катмарлуу асфальтбетон төшөө боюнча иштерди улантуу жана бүткөрүү
ТКМ
2023-2024-жылдар
Дүйнөлүк банк (2023-жылга болжол менен 448,6 млн сом. 2024-жылга каражаттар 2023-жыл аяктагандан кийин аныкталат)
24
Эл аралык автотранспорт коридорлорунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу
Ысык-Көл айланма автомобиль жолун, Корумду айылы - Балбай айылынын 104-184,5 км участогун реконструкциялоо
Курулуш иштери башталды
ТКМ
2023-жылдын 30-ноябры
Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары (кредиттин жалпы суммасы - 105,8 млн. АКШ долл)
25
Түп районунун айыл аймактарынын жолдорунда асфальтбетон иштерин улантуу
Асфальтбетон катмарын төшөө:
- Түп - Шаты - Ичке-Суу - Талды-Суу 8,0-17,0 км участогунда 9,0 км жергиликтүү маанидеги жол;
- Михайловка-Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой жолунун 16,6-18,8 км участогунда 2,2 км;
- Токтоян - Сары-Тологой жолунун 73,0-82,0 участогунда 9,0 км;
- Тасма - Токтоян жолунун 63,2-72,0 км участогунда 8,8 км;
- Кара-Суу - Тасма - Чоң-Тогузбай жолунун 0-0, 7 км участогунда 0,7 км;
- Сары-Дөбө - Миң-Булак - Арал айылдарынын 5 км жолу;
- Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой жолунун 72-82 км участогунда 10 км;
- Михайловка айылынын жолунун 0-7,0 км участогунда 7,0 км;
- Сары-Булуң - Тогуз-Булак 32,0-40,0 км участогунда 8,0 км;
- Ысык-Көл - Сары-Булуң 20,0-32,0 км участогунда 6,0 км;
- Миң-Булак - Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой участогунда 1,0 км;
- Талды-Суу - Миң-Булак 0-5,0 км участогунда 5,0 км;
- Балбай - Шаты участогунда 7,0 км;
- техникум участогунда 3,0 км;
- Балыкчы - Ананьево - Каракол участогунда 2,3 км;
- Апостол Матфей участогунда 3,0 км
Асфальтбетон төшөө иштери жүргүзүлдү
ТКМ, ФМ, ЖМА ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Өнүгүү боюнча, өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору, жергиликтүү бюджеттер
Саламаттык сактоо
26
Саламаттык сактоо объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү
Саламаттык сактоо обьекттерин заманбап медициналык жабдуулар -магниттик-резонанстык томограф (МРТ) менен камсыздоо
Саламаттык сактоо объекттери МРТ менен камсыздалды
ССМ, ФМ, ЖМА
2024-жылдын 1-марты
Республикалык бюджет
Түп райондук ооруканасынын алдында долбоордук наркы 31,7 млн. сом болгон 60 орундуу стационардын курулушун бүткөрүү
60 орундуу оорукананын корпусунун курулушу бүткөрүлдү жана пайдаланууга берилди
ССМ, ФМ, ЖМА
2024-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет
Түп райондук ооруканасынын аймагында жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, инфраструктураны жана жылытуу системасын жакшыртуу
Түп райондук ооруканасынын аймагынын инфраструктурасы жакшыртылды
ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору
Түп райондук ооруканасынын терапиялык бөлүмүнүн жаңы имараттарын жана Түп районунун калктуу конуштарында (Фрунзе, Шаты, Сары-Толгой, Долон, Санташ, Ферма-3, Каркыра, Сары-Дөбө, Ынтымак, Тогуз-Булак, Арал, Талды-Суу) 12 ФАП куруу
Түп районунун 13 саламаттык сактоо объектиси курулуп, пайдаланууга берилди
ССМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен, өнүктүрүү фонддору
Билим берүү
27
Билим берүү объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү
Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу
Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты пайдаланууга берилди
БИМ, ФМ, ЖМА
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен, өнүктүрүү фонддору
Уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана жалпы билим берүүчү мектептерди куруу:
- Түп айылында 750 орунга;
- Фрунзе айылында 150 орундуу;
- Чоң-Таш айылында 235 орундуу;
- Талды-Суу айылында 450 орундуу мектептин кошумча корпусу;
- Санташ айылында 150 орундуу;
- Сары-Булуң айылында 200 орундуу;
- Бирлик айылында 200 орундуу;
- Шаты айылында 200 орундуу;
- Чоң-Тогузбай айылында 250 орундуу;
- Кош-Дөбө айылында 200 орундуу;
- Ой-Булак айылында 200 орундуу;
- Кичи-Өрүктү айылында 220 орундуу;
- Кудургу айылында 220 орундуу;
- Миң-Булак айылында 220 орундуу
Жалпы билим берүү мекемелери пайдаланууга берилди
ЖМА, БИМ, ФМ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору
Имараттарды капиталдык оңдоо:
- Түп айылындагы В.Кайкин атындагы мектеп;
- Михайловка айылында Шевченко атындагы мектеп
Имараттарга капиталдык оңдоо жүргүзүлдү
БИМ, ФМ, ЖМА
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору
Уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана бала бакчаларды куруу:
- Түп айылында Эстебесов көчөсүндө 275 орундуу жана Кирпичная көчөсүндө 275 орундуу;
- Шаты айылында 100 орундуу;
- Бирлик айылында 100 орундуу;
- Ичке-Суу айылында 100 орундуу;
- Чоң-Таш айылында 75 орундуу;
- Байзак айылында 75 орундуу;
- Кең-Суу айылында 75 орундуу;
- Сары-Тологой айылында 100 орундуу;
- Каркыра айылында 100 орундуу;
- Кичи-Өрүктү айылында 100 орундуу;
- Ой-Булак айылында 75 орундуу;
- Фрунзе айылында 75 орундуу;
- Арал айылында 100 орундуу;
- Ысык-Көл айылында 100 орундуу;
- Токтоян айылында 100 орундуу;
- Талды-Суу айылында 50 орундуу
Жалпы билим берүү мекемелери пайдаланууга берилди
БИМ, ФМ, ЖМА
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору
Балбай айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушун Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунан республикалык бюджетке өткөрүп берүү жана курулушун аяктоо
Бала бакчанын курулушу аяктады
БИМ, ФМ, ЖМА
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору
28
Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү
Ысык-Көл айыл аймагынын № 2 кесиптик лицейинин имаратында райондун таланттуу окуучулары үчүн заманбап лицей ачуу
Билим берүү мекемесинде капиталдык ондоо иштери жүргүзүлдү жана багыты өзгөртүлдү
БИМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору
29
Билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү имараттарды айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана тиешелүү багыттагы иштерди жүргүзүү
Ак-Булуң айылында К.Каракеев атындагы Ысык-Көл айыл чарба техникумунун базасында билим берүү борборун ачуу
Керектүү адистерди даярдоо үчүн заманбап билим берүү борбору ачылды
БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-ноябры
Каржылоо талап кылынбайт
Маданият
30
Маданият объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү
Түп айылында маданият үйүнүн жана балдардын музыкалык мектебинин жаңы имаратын куруу
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, АКТЖКЧМА, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Талды-Суу айылындагы маданият үйүнүн курулушун бүткөрүү
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, АКТЖКЧМА, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Мукай Элебаев атындагы райондук китепкана үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен 2 кабаттуу заманбап окуу залын куруу, эмерек менен жабдуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, АКТЖКЧМА, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Кең-Суу айылында 200 орундуу маданий борбордун курулушун камсыздоо
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Күрмөнтү айылындагы 9-май Улуу Жеңиш эстелигин калыбына келтирүү жана Эркимбаев көчөсүндөгү скверди ачуу
Эстелик калыбына келтирилди. Сквердин ачылышы болду
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Балбай айылында Балбай баатыр атындагы тарыхый маданий комплексти куруу
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Түп айылында Боронбай бийдин эстелигин реконструкциялоо
Эстелик жаңыртылып, реконструкциялоо жүргүзүлдү
ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-августу
Жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Балбай баатырдын 230 жылдыгын, мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаевдин жана академик Курмангали Каракеевдин 110 жылдыгын республикалык юбилейлик иш-чаралар планына киргизүү
Республикалык жана жергиликтүү деңгээлде иш-чаралар өткөрүлдү
ММСЖСМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет
Түп айылында "Весна" кинотеатрында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү
"Весна" кинотеатрына капиталдык ондоо жүргүзүлдү
ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, ММСЖСМ
2024-жылдын 1-январы
Жергиликтүү бюджет, жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору
Социалдык коргоо
31
Аз камсыз болгон үй-жайсыз 30 үй-бүлөнү жана жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу
Түп районунун аймагында аз камсыз болгон үй-жайсыз үй-бүлөлөр жана жетим балдар үйүн курууну камсыздоо
Пайдаланууга берилди
ЭСКММ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
32
Социалдык коргоого муктаж жарандар үчүн реабилитациялоо борборлорунун ишине көмөк көрсөтүү
Зарыл болгон шарттарды түзүү менен Талды-Суу айылында улгайган адамдар үчүн реабилитациялоо борборунун оңдоо иштерин жүргүзүү
Оңдоо иштери жүргүзүлдү
ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Михайловка айылында "Келечек Сары-Көл" реабилитациялоо борборунун ишин уюштурууга көмөк көрсөтүү
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында мекемеге колдоо көрсөтүлдү
ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Түп айылында "Балдар өмүр булагы" реабилитациялоо борборунун ишине колдоо көрсөтүү
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында мекемеге колдоо көрсөтүлдү
ЭСКММ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Спорт
33
Спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Күрмөнтү жана Түп айылдарында спорт комплексин куруу
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Жылуу-Булак айылында спорттук зал куруу
Пайдаланууга берилди
ММСЖСМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары өнүктүрүү фонддору
Байзак жана Түп айылдарында жабык чөп өстүрүлгөн спорт аянтчасын куруу
Пайдаланууга берилди
ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Жергиликтүү бюджет, жеке инвестициялар, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Чоң-Таш, Санташ, Каркыра айылдарында кичи футбол аянтчасын куруу
Пайдаланууга берилди
ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Жергиликтүү бюджет, жеке инвестициялар, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары, өнүктүрүү фонддору
Кышкы спорттун түрлөрү үчүн кышкы спорт аянтчасын куруу мүмкүндүгүн карап чыгуу
Долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуш киргизилди
ММСЖСМ караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору, жеке инвестициялар
Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу
34
Кооптуу климаттык кубулуштарга жана табигый кырсыктарга адаптациялоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу
Түп районунун потенциалдуу кооптуу участокторунда коргоочу авариялык- калыбына келтирүү иштерин, капиталдык курулуштарды жана атайын алдын алуу жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү
Түп районунун аймагында турак үйлөрдү, айыл чарба жерлерин коргоо камсыз кылынды
ӨКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-2024-жылдар
Республикалык бюджет
35
Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана пайда болгондо калкка кабарлоо системасы менен камсыздоо
Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана пайда болгондо КҮК (калкты үн менен кабарлоо), ЭСБ (электр станцияларын башкаруу) кабарлоо каражаттарын сатып алуу зарыл
Айыл аймактары КҮК каражаттары менен жабдылган, мындан тышкары бардык айылдарда ЭСБ орнотулган ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылы
Республикалык бюджет
36
Түп районунун ӨКБ өрт өчүрүү куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамынын кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу
Түп районунун ӨКБ № 34 ӨКБ аймагында өрткө каршы окуп-машыгуу мунарасын долбоорлоо жана куруу
Өздүк курамды даярдоо үчүн өрткө каршы окуп-машыгуу мунарасы курулду
ӨКМ, ФМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2023-жылдын декабры
Республикалык бюджет
37
Түп районунун ӨКБ өрт өчүрүү-куткаруу бөлүктөрүнүн штаттык санын көбөйтүү
Түп районунун № 34 ӨКБ штаттык санын өрт өчүрүүчү автомобилдин күжүрмөн эсебинин табелинин ченемдерине ылайык 20 бирдикке көбөйтүү
Кошумча штаттык бирдиктер бөлүнүп, калктын өрт коопсуздугун камсыздоо деңгээли жана ӨКБ оперативдүүлүгү жогорулатылды
ӨКМ, ФМ
2023-жылдын декабры
Республикалык бюджет
Кыскартуулардын тизмеси
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
АЧМ
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги
СӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ММСЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
ТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ӨКМ
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ЭМ
-
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
УЭХК
-
"Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы" ачык акционердик коому
НЭСК
-
Кыргызстандын улуттук электр тармагы
ЭМ караштуу ЭЭИИИ
-
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту
ИУА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги
УКМК ЧК
-
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы
АКТЖКЧМА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
МКЖӨБМА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
ММБФ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
КРП облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрация
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
а.
-
айыл
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.04.2023 · № 185