Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 „Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 23 сентября 2025 года № 605 "Об утверждении Порядка предоставления поручительства субъектам национальной экономики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-23.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын сентябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 4-апрели № 182 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибинде:
- 4-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Чечимдердин долбоорлору кепилдиктин суммасын жана валютасын камтууга тийиш."; 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "5 (беш) жылдан аз иш жүргүзгөн субъекттер же жаңы түзүлгөн, ошондой эле финансылык-чарбалык иштин терс көрсөткүчтөрүнө ээ болгон субъекттер милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо же үчүнчү жактардын кепилдигин берет. Күрөөлүк камсыздоо же кепилдик жок болгон учурда субъекттин өздүк салымынын өлчөмү долбоордун суммасынын 30%ынан кем эмести түзүүгө тийиш;";
- 5-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Субъект 3 (үч) жылдан аз иш жүргүзгөн учурда ишинин бардык мезгили үчүн финансылык отчет берилет;"; төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: "4) кредит берүүнүн шарттарын чагылдырган кредиттик келишимдин долбоору.";
- 6-пункт "тууралуу корутунду" деген сөздөрдөн кийин "жана кол коюлган кредиттик келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Кепилдик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2025 · № 605
- Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилди)Порядок · 20.06.2022 · № 326 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2025 · № 605
- Кыргыз Республмкасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2022 · № 326 · Күчүн жоготкон