Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 „Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 24-марты № 167 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:
- 97-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) Облустарды өнүктүрүү фонддору боюнча - мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;"; 2-пунктчада: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) Райондорду өнүктүрүү фонддору боюнча - ар бир районго мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн каражаттар кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсепке албаганда), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга № 1 таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр 15000000 (он беш миллион) сомдон ашык келип түшкөн райондор кирбейт."; 1-таблицадагы "10000000 (он миллион)" деген сөздөр "15000000 (он беш миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 24-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 16.01.2023 · № 20 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 токтомуна)Типовое положение · 16.01.2023 · № 20 · Күчүн жоготкон