# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22114/edition/1243815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому (17.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160058

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 31-марты № 178 Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86–98-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
