# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22109/edition/1239800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтому (17.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160051

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 22-марты № 155 Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 730, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ишкердик субъекттеринин экономикалык активдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыздоо, инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, аларды Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестринин (мындан ары - Реестр) оператору болуп;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун тизмесин түзүүгө жана Комиссиянын кароосуна жиберүүгө жооптуу болуп;

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) тиешелүү шаарлардын аймагында ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринен келип түшкөн ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун тизмесин түзүүгө жана Комиссиянын кароосуна жиберүүгө жооптуу болуп.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Реестрди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 730, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

41. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Реестрди түзүүгө техникалык тапшырманы түзүүгө көмөк көрсөтсүн

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген аныкталган факторлорду чечүү боюнча чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 22-23 (3471-3472) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, аларды Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри - комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары - комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); ишкердик ишинин субъекттеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы); экономикалык иштин тийиштүү чөйрөсүндө ишкердик субъекттеринин союздарынын (бирикмелеринин/ассоциацияларынын) жетекчилери (макулдашуу боюнча).
