Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-марты № 169 Трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 4.4, 5.1-пункттарын ишке ашыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде товарлардын тышкы электрондук соодасы чөйрөсүндө пилоттук долбоорду (экспериментти) жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескемесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Эксперименттин алкагында төмөнкүлөр электрондук соода оператору катары аныкталсын:
- "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын чечиминин негизинде аймагында эл аралык почта алмашуу жайлары түзүлгөн бажы кампаларынын ээлери.
3. Ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча экспериментти ишке ашырууга киришсин. Эксперимент Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн тиешелүү эл аралык келишимдер жана актылар күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому экспериментти ишке ашырууну камсыз кылсын.
5. Төмөнкү учурларда "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна карата бажы жыйымдары алынбай тургандыгы белгиленсин:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүдө;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн бажы кампасынын бажы жол-жобосун аяктоо максатында ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүдө.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бир айлык мөөнөттө ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде товарлардын тышкы электрондук соодасы чөйрөсүндө пилоттук долбоорду (экспериментти) жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескемесинин талаптарын эске алуу менен бажы операцияларын жүргүзүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 108-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы…Положение · 28.03.2023 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы N 108-т (Тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) өткөрүүтууралуу) ТЕСКЕМЕСИРаспоряжение · 11.03.2022 · № 108-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы N 108-т (Тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) өткөрүүтууралуу) ТЕСКЕМЕСИРаспоряжение · 11.03.2022 · № 108-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон