# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021–2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021–2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22096/edition/1240202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021–2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160037

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 24-марты № 166 Баткен облусун 2021–2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: Баткен облусун 2021–2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров
