# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22092/edition/1241417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому (15.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-марты № 141

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.

3. Программа тиешелүү жылга министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди каржылоого республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Программаны жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды бөлүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ишке ашыруу сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
