# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 126 "Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 126 "Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22080/edition/1234546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 126 "Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө" ТОКТОМУ (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160009

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 3-марты № 126 Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана корреспондент-мүчөлөрүнүн илимий-чыгармачылык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ал үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендиялар белгиленсин:

- анык мүчөлөргө (академиктерге) 15000 сом өлчөмүндө;

- корреспондент-мүчөлөргө 7500 сом өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:

- бюджетте каралган каражаттардын чегинде академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендияларды төлөсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
