Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН «Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө» ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 3-марты № 126 Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана корреспондент-мүчөлөрүнүн илимий-чыгармачылык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ал үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендиялар белгиленсин:
- анык мүчөлөргө (академиктерге) 15000 сом өлчөмүндө;
- корреспондент-мүчөлөргө 7500 сом өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- бюджетте каралган каражаттардын чегинде академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендияларды төлөсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2015 · № 221 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн…Постановление · 03.07.2015 · № 439 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2013 · № 17 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2015 · № 221 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн…Постановление · 03.07.2015 · № 439 · Күчүн жоготкон