Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-марты № 135 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункттун экинчи абзацындагы “суу фондунун жерлери” деген сөздөр алып салынсын;
– 6-пунктта:
“б” пунктча “мамлекеттик жер пайдалануучулардын” деген сөздөрдөн мурда “энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары – ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн” деген сөздөр менен толукталсын; “г” пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 10-пункттун он экинчи абзацындагы “, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участогу берилген учурда – курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр алып салынсын;
– 14-пункта “, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участогу берилген учурда ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формадагы өтүнмөнү тиркеп расмий кат менен курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр алып салынсын;
– 44-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 564 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомуна)Положение · 09.10.2019 · № 535
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган…Постановление · 14.10.2022 · № 564 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.10.2019 · № 535
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган…Постановление · 14.10.2022 · № 564 · Күчүн жоготкон