# Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 "Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 "Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22077/edition/1239148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 "Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160006

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 11-марты № 138 Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 18-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө жарандардын иш-аракеттери боюнча нускама (эскерткич) 2-тиркемеге ылайык;

- Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин иш-аракеттери боюнча нускама (эскерткич) 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- жогоруда аталган Жободо каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чыгымдар тийиштүү финансылык жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

3. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу сунушталсын:

- жеке жактарга - Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө жарандардын иш-аракеттери боюнча нускаманы (эскерткичти);

- менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге - Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин иш-аракеттери боюнча нускаманы (эскерткичти).

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
