# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22074/edition/1250795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому (18.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160001

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 103 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 7-февралы № 52 Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 15-февралынан тартып алты айлык мөөнөткө Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коду менен классификациялануучу жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 428 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
