Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 сентября 2023 года № 485 "О введении временного запрета на вывоз (экспорт) древесины и лесоматериалов из Кыргызской Республики за пределы таможенной территории Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-18.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 103 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 7-февралы № 52 Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 15-февралынан тартып алты айлык мөөнөткө Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коду менен классификациялануучу жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 428 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 4 “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.02.2024 · № 4
- Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 1 "Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагаларын жана орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн…Постановление · 20.02.2024 · № 1
- Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 6 “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, “Бакыян айыл окмоту” жана “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесине кошулуу…Постановление · 29.02.2024 · № 6
- Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1 "Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешине штаттык бирдик киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2024 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 428 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 01.08.2022 · № 428 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 18.09.2023 · № 485 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 18.09.23 ж. №485 токтомуПостановление · 18.09.2023 · № 485
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 428 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 01.08.2022 · № 428 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 18.09.2023 · № 485 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.