# 6-статья. Катталган-катталбагандыгына карабастан, жарактуу катары эсептелүүчү укуктар жана чектөөлөр

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 6-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-6

---

Төмөнкүдөй укуктар жана чектөөлөр катталган-катталбагандыгына карабастан, жарактуу деп эсептелинет, бирок ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик коргоо менен камсыз кылынбайт:

1) каттоочу орган ачылган учурга карата колдонууда турган электр берүүчү линияларга, телефон жана телеграф линияларына жана мамыларына, түтүк өткөөлдөрүнө, геодезиялык пункттарга жетүү укугу жана коомдук муктаждыктар менен шартталган башка укуктар;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жубайлардын, балдардын жана башка багуудагылардын өз алдынча катталбаган болсо да таанылуучу укуктары;

3) ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн кем мөөнөткө убактылуу пайдалануу, ижара жана көмөкчү ижара укугу;

4) иш жүзүндөгү пайдалануучулардын кыймылсыз мүлктү артыкчылыктуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 265-статьясында белгиленген укугу;

5) салык органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жалпы эрежелер жана тыюу салуулар (саламаттыкты сактоо, коомдун коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо ж.б. жөнүндө) катары келип чыгуучу чектөөлөр.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-7)
