# 45-статья. Соттун банкротчулук жөнүндөгү билдирүүлөрүн жана чечимдерин мамлекеттик каттоо

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279556..1279557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 45-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-45

---

1. Банкрот болгон юридикалык жактарды жоюу же кайрадан уюштуруу ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөөгө укуктуу органдар, ошол юридикалык жак ага таандык кыймылсыз мүлк укугун ажыратып алууга укуксуз экендиги жөнүндө каттоо органына чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө билдирүү берүүгө милдеттүү.

2. Сот тарабынан жеке ишкер банкрот (кудуретсиз) болуп таанылган учурда, каттоо органына чечим кабыл алынган күндөн тартып жети күндүк мөөнөттө соттун ошол чечими көрсөтүлөт.

3. Каттоо органы соттун мындай чечиминин же билдирүүсүн алган учурда, бул тууралу маалыматты каттоо карточкасынын чектөө бөлүмүнө киргизет, ал эми билдирүүнүн түп нускасы же соттун чечиминин көчүрмөсү аталган кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо ишине катталат.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-46)
