# 44-статья. Сервитуттардын мамлекеттик катталышы

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279556..1279557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 44-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-44

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-статьясында көрсөтүлгөндөн башка бардык сервитуттар, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык катталат.

2. Сервитутту белгилөөчү документти каттоодо каттоо карточкасында сервитут берүү мөөнөтү жана шарты көрсөтүлүүгө, ошондой эле ушундай сервитут менен чектелген кыймылсыз мүлк бирдиги жана мындай сервитуттан пайда алуучу кыймылсыз мүлк бирдиги баяндалууга тийиш.

3. Сервитут белгилөөчү документке зарыл учурда кыймылсыз мүлк бирдигинин сервитуттун жайгашкан ордун жана аракет чөйрөсүн көрсөткөн пландары тиркелет.

4. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)

5. Эгерде документте сервитуттун колдонулуш мөөнөтү аталбаса, анда анын чексиз колдонулушу жана сервитуттардын кыймылсыз мүлк бирдигинин андан аркы укук ээлеринде милдеттүү сакталышы жөнүндөгү эреже колдонулат.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-45)
