# 42-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктарын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279556..1279557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 42-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-42

---

Мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктары, ошондой эле аларды түйшүккө салуулар (чектөөлөр) милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугуна ээ болгон тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар кайрылат. Эгерде мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берсе, каттоо карточкасынын тиешелүү бөлүктөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты-жөнү көрсөтүлөт, ал эми мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары катталат. Укук белгилөөчү документ катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими же мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү же башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими берилүүгө тийиш. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-43)
