# 40-статья. Ижара келишимдеринин мамлекеттик катталышы

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2006 года №58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/1846)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2006 [Закон КР от 16 февраля 2006 года №58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/1846); 19.12.2003 [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279557..1279558>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 40-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-40

---

1. Кыймылсыз мүлк бирдигин 3 же андан көп жылдык мөөнөткө ижаралоо жөнүндө кандай гана келишим болбосун, катталат. 3 жылдан кем мөөнөткө ижаралоо же көмөкчү ижаралоо, ижара же көмөкчү ижара келишиминин тараптарынын каалоосу боюнча катталышы мүмкүн, бирок мурдагы ижара келишими катталбаган көмөкчү ижара катталбайт.

2. Кыймылсыз мүлк бирдигинин бир бөлүгү ижараланган учурда каттоого берилүүчү документтер ижарачынын жана ижара берүүчүнүн жолу менен күбөлөндүрүлгөн ижаранын (көмөк ижаранын) чектери көрсөтүлүү менен кыймылсыз мүлк бирдигинин, ошол бөлүгүнүн планынын масштабдуу сүрөттөлүшүн камтууга тийиш.

3. Көмөкчү ижараны, экинчи жолку ипотеканы же кыймылсыз мүлктүн түйшүккө салган (чектелген) бүткүл же бир бөлүгүнө тескеменин дагы башка түрүн белгилөөчү ар кандай документтер менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз катталбоого тийиш, эгерде мурда катталган ижара же ипотека жөнүндө келишимде башкача каралбаса.

4. Ижаралоо келишими ижара мөөнөтү өткөндө же соттун чечими боюнча болбосо ижарачы менен ижарага берүүчүнүн ижара келишимин ыктыярдуу токтотуулары жөнүндө арыз беришине шарт түзүлгөндө же арыз берилгенде токтотулат. Ижара токтотулган учурда каттоо карточкасында тийиштүү белги коюлат.

5. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-41)
